Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Жогорку Соттун судьяларын тандоонун 2чи айлампасы башталат


Бүгүн 2-турга өткөн талапкерлер дил баян жаза баштайт. Сотторду тандоо кеңешинен билдиришкендей, ар жыйын сайын 6дан талапкердин дил баяны текшерилет.

Мурда маалымдалгандай, 1-турга 90дон ашык киши катышып, алардын 72си сынактын 2-айлампасына өткөн.

Ушул аптадан тарта жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкерлерден документтерди алуу башталды. Иш-чара 17-августта аяктайт жана андан кийин сынактын мөөнөтү белгиленмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG