Бүгүн Бишкек шаардык соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу арызды кароону 30-июлга калды. Буга тергөөчүнүн соттук жараянга келбей калганы себеп болгонун “Азаттыкка” депутаттын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Сотко тергөөчүнү чакыруу демилгесин мамлекеттик айыптоочу көтөргөн.
Нариман Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда.
Биринчи май райондук соту пара алды деген шек менен камалган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү бүгүн карайт. (КЕ)