Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кыйноо фактысына байланыштуу милиция 11 жылга эркинен ажыратылды


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кармалган жарандын денесине жаракат келтирген деп айыпталып жаткан Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары сот аны 3 жыл кызматта иштөө укугунан ажыратып, 134 миң сом жана мүлкүн жабырлануучунун пайдасына чегерүүгө өкүм кылды.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын октябрында айыпталып жаткан милиция кызматкерине жеке менчик фирманын өкүлү арыз менен кайрылган. Ал башка фирманын эки кызматкери 1 млн. сомдон ашуун товар алып, кайтарбай жатканын билдирген. Бирок милиция кызматкери бул арызды каттабай, акчаны өз алдынча өндүрүүгө аракет кылып, фирманын өкүлдөрүн кыйнаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG