Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Визасыз каттамга уруксат берилчү өлкөлөрдүн саны дагы көбөйт


Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев маалымат жыйында билдирди. Визасыз каттамды киргизүү үчүн атайын критерийлер каралган. Алардын бири - ички дүң өндүрүмдүн киши башына карата 7 миң евродон жогору болушу. “Бул тизме ушуну менен токтоп калбайт. Жакынкы жылдары дагы бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим сунушталат”, - деди Оторбаев. Ал эми визасыз каттам киргизилбеген өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук виза тутуму сунушталат.

44 мамлекеттин жарандарына 60 күнгө визасыз каттам тартибин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорго өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ кол койгон. Кыргыз өкмөтү туризм тармагын өнүктүрүү, инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн бир катар өнүккөн өлкөлөргө визасыз каттам киргизүү демилгесин былтыртадан тарта көтөрүп жаткан. (КE)

XS
SM
MD
LG