Бишкек шаарында Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Хорогдогу аскердик иш-аракеттерди токтотууну жана чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну талап кылган нааразылык акциясы башталды. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, учурда элчиликтин алдына 100гө чукул адам чогулду. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунан чыккан тажик ассоциациясы, “Саманиди” коомдук бирикмеси жана Кыргызстандын жарандары Хорог шаарындагы окуяларга тынчсызданып жаткандыктарын айтышууда.
24-июлда Тажикстандын тартип коргоо жана күч органдарынын кылмыштуу куралдуу топ менен кагылышында 42 адам набыт болгонун тажик Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы маалымдаган. Өлгөндөрдүн отузу куралдуу топтун мүчөлөрү, 12си аскер кызматкерлери. Операция учурунда кылмыштуу топтун 40 мүчөсү кармалганы айтылды, алардын 8и Ооганстандын жарандары. Каршылык көрсөткөн куралдуу топтон курал-жарактын 100 түрү табылды. (КЕ)