Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Тажикстандын түштүгүндө аскердик операция токтотулду


Тоолуу Бадахшан облусунун коопсуздук кызматынын башчысы генерал Абдулло Назаровду өлтүргөндөрдү кармоо боюнча атайын операция токтотулуп, бийлик менен согушчандар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллаев генерал Назаровду өлтүргөн 4 согушчанды берүү талабын коюп, эгер согушчандар кармашты токтото турган болсо, аларга мунапыс берилерин билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, кечээ башталган аскердик операция учурунда 30 согушчан өлтүрүлүп, 40 киши кармалган. Ошондой эле 12 аскер кызматкерлери мерт болуп, 23ү жараат алышкан.

“Азаттыктын” тажик кызматы Хорог шаарында снайперлердин огунан алты карапайым тургун мерт болгонун билдирүүдө. Бирок бул маалыматтарды азырынча башка көз карандысыз маалымат булактары аркылуу тактоо мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG