Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Асомудин Саидовду кабыл алды. Тараптар кыргыз-тажик алакалары, Тоолуу Бадахшан автономдук облусунда түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты. Бешимов кагылышуу учурунда набыт болгон аскерлерге байланыштуу тажик элине көңүл айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
24-июлда Тажикстандын тартип коргоо жана күч органдарынын кылмыштуу куралдуу топ менен кагылышында 42 адам набыт болгонун тажик Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы маалымдаган. Өлгөндөрдүн отузу куралдуу топтун мүчөлөрү, 12си аскер кызматкерлери. Операция учурунда кылмыштуу топтун 40 мүчөсү кармалганы айтылды, алардын 8и Ооганстандын жарандары. Каршылык көрсөткөн куралдуу топтон курал-жарактын 100 түрү табылды. (КЕ)