Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Равшанбек Сабиров үй камагына чыгарылды


Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, депутаттардын кепилдиги менен үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сабировдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев кабарлады. Анын айтымында, Сабировдун өлкөдөн чыгып кетпешине Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Камчыбек Ташиев жана башка алтоо кепил болушкан.

Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров 6-июлда камакка алынган. Башкы прокуратура министр менен анын жардамчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып акча өндүргөн деген айып менен кылмыш иш козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынганын билдирген.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Сабиров бул ишке тиешеси жоктугун, күнөөсүз экенин сотто далилдей турганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG