Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Сириянын өкмөттүк армиясы козголоңчуларга каршы согушту улантууда


Сириянын борбору Дамаск шаарынын бир катар райондорунда согуштук аракеттер жүрүүдө. Баш калаанын түндүк наптасы артиллериялык куралдардан жана ракетадан аткыланууда. Жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетишкени маалымдалды.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары Алепподо өкмөттүк күчтөр көтөрүлүшчүлөргө катуу сокуу уруп жатканы кабарланды.

Түркия коогалаңга байланыштуу качкын-бозгундар өлкөгө агылып келет деп, Сирия менен чек араны жапканын бүгүн жарыялады.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов ИТАР-ТАССка курган маегинде Дамаск химиялык куралдары толук коопсуздукта экендигине кепилдик бергенин билдирди. Буга чейин Сириянын Тышкы иштер министрлиги химиялык куралды өлкөгө тышкы күчтөрдүн агрессиясы болсо гана пайдаланыларын айткан. Батыш жана Израил Сириянын химиялык куралдары согушчан топтордун колуна түшүп калышы мүмкүн деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG