Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Казак чек арачысы баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартты


Чек арачы Владислав Челах өзү менен бирге кызмат өтөгөн 14 чек арачыны жана бир токойчуну өлтүргөнүн моюнга алган көрсөтмөсүнөн баш тартты. Бул туурасында анын адвокаты Толеген Берликожанов билдирди.

Өткөн айда Казакстандын Башкы прокуратурасы Челах өз кызматташтарын өлтүргөнүн моюнга алып, ага айып коюлганын жарыялаган. Май айынын аягында он төрт чек арачынын жана бир токойчунун өрттөлгөн сөөктөрү казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” бекетинен табылган.

Бекетте кызмат өтөгөн он бешинчи чек арачы Челах 5-июнда тирүү табылган соң камалган болчу. Бирок анын туугандары Челахты күнөөсүз деп эсептешерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG