Август айынан тарта Токтогул районунун алыскы айылдарындагы дарыгерлер Жалал-Абад облустук ооруканада бейтапка чукул жардам берүү боюнча окуутуудан өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, облустук ооруканада иштеген медиктер операция жасоонун, дарылоонун жаңы ыкмаларын, оор илдетти аныктоону үйрөтүшөт. Андан кийин Чаткалдын дарыгерлери чакырылат.
Кыргызстандын айрыкча алыскы аймактарында дарыгерлер таңсык. Маянанын аздыгынан жана социалдык колдоонун жоктугунан жаш кадрлардын дээрлик көбү элет жерине барбайт. (EBM)
Кыргызстандын айрыкча алыскы аймактарында дарыгерлер таңсык. Маянанын аздыгынан жана социалдык колдоонун жоктугунан жаш кадрлардын дээрлик көбү элет жерине барбайт. (EBM)