Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Ысык-Көл: кургак учукка чалдыккандар көбөйүүдө


Бул тууралуу “Азаттыка” облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Жаңыл Акунова билдирди. Анын айтымында, кургак учукка кабылгандардын саны быйыл алты айда 170ке жетти. Былтыр ушул маалда 146 оорулуу катталган.

Акунова оорулуулардын көбөйүү себебин миграция жана туристтердин келип кетиши менен байланыштырууда.

Саламаттыктык сактоо министрлигининин маалыматына ылайык, Кыргызстанда соңку учурда балдар арасында кургак учук менен ооругандар көбөйүп жатат.

2011-жылы Кыргызстанда кургак учук жуктуруп алган 5523 адам катталган. Был мурдагы жылкыга салыштырмалуу көбүрөөк. Мындай илдетке кабылгандардын саны боюнча Чүй облусу биринчи орунда турат. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас облусу эсептелет. Абактарда да кургак учук кеңири тараган (MK)

XS
SM
MD
LG