Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Ирактагы эл аралык миссиянын мандаты узартылды


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактагы миссиясынын мандатын дагы 12 айга узартты. Кечээ бир добуштан жактырылган резолюцияда Ирак өкмөтү “демократияны, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, коопсуздукту жана коомдук тартипти жакшыртуу, терроризм, суннилер менен шийилердин тирешүүсүнө чекит коюу” жаатында аракет көрүүгө тийиш делинет. Кеңеш көптөгөн проблемалар кала бергенин, алардын “саясий диалог аркылуу, адам укуктарын, улуттук биримдикти урматтоо” менен чечилиши керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG