Башкы прокуратуранын билдиришинче, Ысык-Көл районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул фактка байланыштуу Кылмыш кодексинин 313-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, 24-июлда Башкы прокуратурага М.Т деген жаран кылмыш ишти токтотуу үчүн Ысык-Көл районунун прокурору 300 доллар, анын орун басары 40 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган. 25-июлда прокуратура жана Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын кызматкерлери экөөнү тең пара алып жаткан жеринен кармаган. (КЕ)