Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Бала асыроого уруксат алган чет элдик уюмдардын ишмердиги токтотулду


Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы Курманкул Жумалиев “Азаттыкка” кабарлады. Мындай чечим мурда катталган укук бузууларды жоюу жана Башкы прокуратуранын сунушун аткаруу максатында кабыл алынды. Натыйжада буга чейин тандалып алынган 4 уюмдун ишин толугу менен токтотту. Калган алты уюмдун иши эки айдан кийин кайра текшерилмей болду. Мындан сырткары бала асырап алуу боюнча чет элдик компанияларды каттаган комиссиянын иши дагы октябрь айына чейин токтотулду.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы башка мамлекеттерге бала асырап, алып кетүү ишин уюштуруучу чет өлкөлүк фирмаларга берилген уруксат кагаздарын жокко чыгаруу сунушун Социалдык өнүктүрүү министрлигине жолдогон. Аталган мекеме одоно мыйзам бузууларга жол берилген деп ырастаган.

Буга чейин аталган министрликтин башчысы Равшанбек Сабиров бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан пара алды деп айыпталып, камакка алынган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG