Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү

27-июлдан 29-июлга чейин республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат. 27-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32;
Талас облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;
Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20; күндүз +29...+34;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;
Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20.
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +4...+9

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 28…30 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 26-июлда эртеӊ менен 21 градус жылуу болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG