Тажикстандын жергиликтүү басылмалары президент Эмомали Рахмон 27-июль күнү Лондонго олимп оюндарын көргөнү барчу сапарынан баш тартканын жазып чыгышты. Рахмон Олимпиаданын ачылышына катышып, мелдешке ат салышчу тажик спортчулары менен жолугушаары пландалган болчу. Тажик президенти Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга байланыштуу Лондон сапарынан баш тартканы кабарланууда.
Шейшемби күнү эрте менен Тоолу Бадахшан облусунда атайын кызматтын генералы Абдулло Назаровду өлтүргөн деп шектелген куралдуу топко каршы операция башталып, кагылыш 46 адамдын өмүрүн алган. Кечээ атайын операция токтотулуп, бийлик менен согушчандар ортосунда сүйлөшүүлөр башталганы кабарланган. Тажик бийлиги Назаровду өлтүргөн 4 согушчанды берүү талабын коюп, эгер согушчандар кармашты токтото турган болсо аларга мунапыс берилерин билдирүүдө.