Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу бүгүн Афинада расмийлер менен жолугат, анда жардам катары берилчү финансылык транштын кийинки бөлүгүн алуу үчүн Грекия эмне себептен айтылган шарттарды аткарбай жатканы талкууланат деп күтүлүүдө. Баррозу акыркы үч жылдан бери Грекияга бара элек болчу. Талдоочулар расмий жолугушуудан кийин Баррозу менен грек өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда “сахна артында оор сүйлөшүүлөр” жүрөт деп боолгоп жатышат.
Еврокомиссиянын башчысынын бул сапарында “Грекия евроаймактын курамында калганы туура болот” деген билдирүү жасашы күтүлүүдө. Ушул тапта Грекияда кескин үнөмдөө менен кризистен чыгуунун жолун сунуштаган эл аралык кредиторлор да Афинага барышты.
Бир жыл ичинде эки ирет парламенттик шайлоо өткөрүп, ансыз да экономикалык кризиске кептелген Грекия азыр Евробиримдиктен алчу финансылык жардамдын шарттарын аткарууга жандалбастап турган кези.