Кечээ кечке маал жааган жаан Баткен облусуна караштуу Келечек аймагында бир, Подстанция айылындагы төрт үйдүн чарбагын сел жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирүүдө. Мындан сырткары Базар-Башы аймагындагы сай аркылуу өткөн 2 латокту агызган. Азыркы учурда калыбына келтирип, оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 26-июлдагы катуу шамал Жалал-Абад облусуна караштуу Авлетим жана Акжол айылдарында 5 үйдүн, мектеп, кафенин шыйпырын учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Райондук жарандык коргоо комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)