Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Курал соодасы боюнча жаңы келишимдин долбоору сынга кабылды


БУУнун 80 чакты мүчөсү билдирүү жасап, аны өтө чабал деп аташты. Бирок билдирүүгө Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү кол коюшкан жок. Келишимдин долбоору кечээ Нью-Йорктогу конференцияда сунуш кылынган. Документке ок-дарыларды сатууну жөнгө салган жобонун киргизилбей калышы өзгөчө сындалууда.

Бир катар эл аралык бейөкмөт уюмдар болсо АКШ президенти Барак Обамага кайрылуу жолдоп, аммуницияга байланышкан жобонун камтылышына көмөктөшүүгө чакырышты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да документти кабыл алууда олуттуу алга жылуу байкалбаганын сындады. Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн аяктоого тийиш.

XS
SM
MD
LG