Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Нарындагы убактылуу абактагылар кыйноого кабылууда


Бул тууралуу Акыйкатчы институту тараткан маалыматта белгиленген. Акыйкатчынын облустагы өкүлдөрү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кызматкерлери менен бирдикте Нарын шаарындагы, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун убактылуу кармоочу жайларына байкоо салышкан. Маалыматка ылайык, айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу медициналык жардам ала алган эмес. Экинчисин сабап, органдын кызматкерлери беш миң сом сурашкан. Мындан сырткары кылмышты мойнуна алдыруу үчүн сабаган учурлар да бар экени белгиленген. Буларга байланыштуу арыздар облустук прокуратурага жиберилгенин Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG