Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү

29-июлга чейин республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат. 28-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28;
Баткен облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18; күндүз +25...+30;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн +10...+15, күндүз +17...+22;
Нарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +17...+22;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1...+6, күндүз +14...+19.
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +7...+12

Бишкек шаарында 28-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 28…30 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 26-июлда эртеӊ менен 21 градус жылуу болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG