Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:38

Үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жаза күчөтүлдү

Мындан ары үй-бүлөдө зомбулук кылгандар беш күнгө чейин камалат. Буга байланыштуу мыйзамга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам үй-бүлөдө зордук-зомбулукту токтотуу, бул багытта ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү максатын көздөйт.

Буга чейин укук коргоочулар үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адамга өтө жеңил жаза берилерин айтып, муну сындап келишкен. (КЕ)
XS
SM
MD
LG