27-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү” боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми эл аралык сынакка катышып, сыйлык алып келгендер салыктан бошотулат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган мыйзам 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу. Документ расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирди.
Ушул жылдын башында "Евразия" эл аралык ыр сынагынан баш байге алып келген ырчы Гүлжигит Калыков жана башка айрым жеңүүчүлөр "салык төлөш керек" деген маалымат эл арасында тарагандан кийин бул маселе талкуулана баштаган. (AKu)