Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Жылына 8-14 миң адам гепатитке кабылат


28-июль Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы 10 жылда жылына 8 миңден 14 миңге чейин ушул илдетке кабылгандар катталат.

"Кыргызстанда жугуштуу гепатит А менен көбүнчө балдар ооруйт" деп билдиришти аталган министрликтен. Ал көпчүлүк учурларда таза эмес суудан пайда болот. Ал эми дарылоого кыйын болуп келаткан гепатит С акыркы 6 жылда 23 пайызга көбөйгөн. Күчтүү  жугуштуу гепатит В менен болсо күрөшүү мүмкүн болуп, оорулуулардын саны кыйла азайып жатат.

Гепатит суу, тамак-аш, идиш-аяк аркылуу жугат. Ал адамдын боорун жабыркатат. (AKu)

 

XS
SM
MD
LG