Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Токиодогу кыргызстандыктар чогулат


Бүгүн Токиодо жашаган 15-20 чакты кыргызстандык эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 20 жылдыгына карата чогулуп жатышат. Алар белгилүү Фудзияма тоосуна чыгышмакчы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Токиодо окуган Сейтек Качкынбаев кабарлады.

- Фудзитан деген тоого чыгабыз. Бизде аны эмнегедир Фудзияма деп аташат. Ошол тоону багындыралы деп Токионун эң бир кыйма-чийме адам көп болгон Шинжыпы деген районунда чогулуп жатабыз.

Кыргызстандыктар Фудзияма тоосунда таңды тосуп, Кыргызстандын желегин сайып келишет.

Жапонияда болжол менен 180дей кыргызстандык бар, ал жакта жүргөндөрдүн айтымында, көпчүлүгү билим алууга баргандар. (AKu)

XS
SM
MD
LG