Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

"Кумтөрдөгү" уулануунун себептери аныкталды


"Кумтөрдөгү" уулануу боюнча анализдердин жыйынтыгы чыгып жатат. Уулангандардын көпчүлүгүндө жана текшерүү учурунда ашканада иштеген эки ашпозчуда стафилококк микробу табылган. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Санэпидем көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов билдирди.

- Көпчүлүк тамактардан стафилококк жана ичеги таякчалары чыккан. Адамдардан да стафилококк чыгып жатпайбы. Стафилококк бул жерде ошол адамдардан жукканын далилдеп турат. Бул баарынан мурда ыктымалдуулугу күчтүү болуп жаткан вариант, илимде 100 пайыз деп айтылбайт.

Зуридин Нурматовдун айтымында, аталган микробду алып жүргөн ашпозчулар сүйлөгөндө тамакка түшөт же колунан жугат. Стафилококк жугуштуу ооруларды пайда кылчу микроб. Ал эми ичеги таякчаларынын болуусу санитардык абалдын эрежеге ылайык сакталбагандыгын көрсөтөт.

"Кумтөр" алтын иштетүүчү компаниясында 20-июлда массалык уулануу болгону кабарланган. Анда 150гө чукул жумушчуну ууланган, көчүлүгү Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги ооруканаларга жаткырылды. (AKu)

XS
SM
MD
LG