Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кыргызстандагы 400 оорукананын 70 пайызы оӊдоп-түздөөгө муктаж


Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Света Байтикова «Азаттыкка» билдиргендей, жыл сайын каржы министрлигинен ал иштерге акча талап кылынат, бирок оӊдоо иштерине азганактай гана каражат бөлүнөт.

Маселен, 2011 жылы оӊдоп-түздөө иштерине 305 миллион сом талап кылынса, 35 миллион бөлүнгөн. Бул акчага жалпысынан болжомол менен 10-12 ооруканада түп тамыры менен оӊдоо иштери жүргүзүлгөн.

Света Байтикова белгилеп кеткендей, оӊдоо иштерине каражат жыл сайын бара бара өсүп баратат: 2008 жылы 12 миллион сом бөлүнсө, 2011 жылы 35 миллион бөлүндү.
Министрликтин өкүлү маалымдагандай, жыл сайын саламаттык сактоо системасына республикалык бюджеттен 9 миллиард сом бөлүнөт. Анын 80 пайызы маянага жумшалса, 10 пайызы дары менен тамак-ашка бөлүнөт, а калган 10 пайызы болсо коммуналдык кызмат үчүн төлөнөт. (ТТо)

XS
SM
MD
LG