Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Жол кырсыктардын көбү шаарларда катталууда


Мамлекеттик автоинспекциянын басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиев «Азаттыкка» кабарлагандай, бул жылдын биринчи бөлүгүндө 2011 жылга салыштырмалуу жол кырсыктары бир аз көбөйдү.

2011-жылдын биринчи бөлүгүндө 1936 жол кырсык катталса, 2012-жылы алардын саны 82ге жогорулады. Андан улам көз жумган адамдар тууралуу айта кетсек, 2012- жылдын биринчи бөлүгүндө 363 киши каза тапты, 2011-жылы анын саны 22ге көп болчу.

Кылыч Мурзалиев белгилеп кеткендей, жол кырсыктардын саны күндүзү жана түнкүсү жалпысынан бирдей болуп жатат. Эгер 2012-жылы 2834 киши жарадар болсо, 2011-жылы андайлар саны 170ге аз болгон.

Жол кырсыктардын көбөйүшүн МАИнин өкүлү унаалардын саны өсүп баратканы менен байланыштырды. Анан адаттагыдай эле айдоочу менен жөө жүргөн адамдар эрежени бузуп жатканы себеп болууда.

Мурзалиев кошумчалагандай, жол кырсыктардын көбү магистралдык жолдорго караганда шаарлардын ичинде көп катталууда. (ТТ).

XS
SM
MD
LG