Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

БУУ Иорданияга сириялыктар үчүн качкындар лагерин ачат


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты бүгүн сириялык качкындар үчүн жаңы лагерин ачмай болду. БУУнун маалыматы боюнча, учурда Иорданияда 150 миң сириялык баш калкалоодо. 100 миң качкынга ылайыкташкан лагерь эки өлкө чектешкен аймактагы Заатари шаарында ачылат.

Сирияда ушул күндөрү экинчи чоң шаар саналган Алепподо оппозиция менен бийликтин куралдуу күчтөрү аёсуз салгылашууда. БУУнун маалыматы боюнча, 2011-жылдын март айынан башталган жаңжалдан бери Сирияда 16 миңге жакын адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG