Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

“Ынтымак” ТРКсынын башкы директору тандалды


Ошто жаңыдан иштей баштаган «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын байкоочу кеңеши башкы директор тандады. Эки күнгө созулган сынак ушул жума күнү кечинде жыйынтыкталганын “Азаттыкка” бүгүн аталган ТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Таир Турсуналиев билдирди. Анын айтымында, жетекчилик үчүн ат салышкан беш талапкердин ичинен байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрү Данияр Садиевдин талапкерлигин колдошту.

«Ынтымактын» башкы директорлугуна беш адам : Каарманбек Кулуев, Нурлан Адаев, Айгүл Батырова, Дилмурод Умаров жана Данияр Садиев талапкерлигин көрсөткөн. ТРКнын башкы директорунун милдетин буга чейин Каарманбек Кулуев аткарып келген.

Башкы директорлукка шайланган Данияр Садиев ушул жылдын май айынан тарта аталган ТРКнын техникалык директору болуп иштеп келген. Ага чейин Баткендеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борборунун директору, КТРК байкоочу кеңешинин мурдагы курамынын мүчөсү да болгон.

«Ынтымак» телерадиокомпаниясы кыргыз өкмөтү менен Internews уюмунун биргелешкен долбоору. Ал июнь калабасынан соң эл арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөн жылы негизделген. Радиосу ушул жылдын мартынан бери уктурулууда. Ушул күздө «Ынтымак» телеканалынын ачылышы күтүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG