Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Румынияда президентке импичмент жарыялоо боюнча добуш берүү жүрүүдө


Румын парламенти президент Траян Бэсескти кызматтан кетирүү боюнча чечим кабыл алып, аны жалпы референдумга койду. Бул демилгени көтөрүп чыккан парламенттеги солчул коалиция, Бэсескти укуктарын көбөйтүп алды деп сындап жатат. Президент отставкага кетүүгө негиз жоктугун айтып, тарапкерлерин референдумга бойкот жарыялоого чакырды.

Солчулдар болсо, кескин үнөмдөө саясаты аркылуу укуктарын көбөйтүп, мамлекеттик бардык мекемелердин ишине чейин кийлигишип баштаган президентке каршы добуш берүүгө үндөөдө. Румыниядагы күтүлбөгөн саясий кризиске АКШ жана Евробиримдик тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG