Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Сирия: Алепподогу атышууларда “оппозиция жеңилет” деп ишенээрин айтты


Мамлекеттин тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем кечээ Иранга алдын ала жарыяланбаган сапары учурунда “козголоңчулар сөзсүз жеңилет” деп билдирди. Тегерандагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи: “Непада Сириядагы жаңжал азыркыдан да курчуп, президент Башар ал-Асаддын режими кулатылса, мунун кесепети регион үчүн, кийинчерээк бүтүн дүйнө үчүн оор болот”, - деп эскертти. Сириянын оппозициясынын Улуттук кенешинин башчысы Абдулбасет Саида дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, оппозицияга курал беришин сурады. Жумурияттын экинчи ири шаары Алепподогу айыгышкан атышуулар кечээ да улантылды. Бириккен улуттар уюму жекшембинин өзүндө эле Алепподон 200 миң адам качканын айтты.

XS
SM
MD
LG