Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Румынияда референдумга жетиштүү сандагы шайлоочу катышкан жок


Кечээ өлкөдө президент Траян Бэсескуга импичмент жарыялоо боюнча референдум өтүп, ага шайлоочулардын 46% катышканы кабарланды. Мыйзам боюнча, шайлоочулардын 50% катышкан күндө гана референдум өтту деп табылмак.

Бэсеску “укуктарынан ашкере пайдаланып, өлкө үчүн зыянга турган чечимдерди кабыл алган” деп убактылуу ишинен четтетилген. Премьер-министр Виктор Понтанын ортомчул-солчул өкмөтү аны “бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу саясасаты үчүн” күнөөлөп жатат. Президент өзү элге сыналгы аркылуу кайрылуусунда бул айыпты дагы бир жолу четке кагып, элди референдумга катышпоого чакырган эле.

Эми эгер Борбордук шайлоо бюросунун тыянагы ырасталса, Бэсеску кайрадан президенттигин 2014-жылга чейин уланта бермекчи. Аны парламенттин депутаттары 2007-жылы да бийликтен импичмент жолу менен кетиргенге аракет кылышкан. Ошондо да ал бийлигин сактап калган эле.

XS
SM
MD
LG