Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Сирия: Алепподо өкмөттүн куралчан оппозицияга чабуулу улантылууда


Өкмөттүк аскерлер мамлекеттеги экинчи ири шаар Алепподо куралчан оппозицияга каршы чабуулун бүгүн эрте менен дагы улантышты. Өкмөттөн билдиришкендей, алар азыр Алеппонун түштүк-батышындагы Салахеддин районун кайрадан ээлешти. “Рейтер” маалымат агенттиги козголоңчулар дале шаардын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турушканын, ал арада президент Башар ал-Асаддын режими козголоңчуларга каршы абадан согуш тик учактарын колдонуп жатканын кабарлады.

Кечээ Тегеранга алдын ала жарыяланбаган сапары учурунда Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем “козголоңчулар сөзсүз жеңилет” деп билдирген.

Акыркы эки аптада Асаддын күчтөрү Дамаск менен Алеппо шаарларында оппозицияга каршы акыркы 16 айдан берки эң күчтүү соккуну урганга аракет кылып жатышат. Анткени соңку апталарда оппозиция да өкмөттүк аскерлерге каршы күрөшүн күчөткөн. Андан сырткары, 18-июлда президенттин коопсуздук боюнча жыйынындагы жардырууда өкмөттүн коопсуздук боюнча жогорку даражадагы төрт жетекчиси курман болгон эле. Андан бери өкмөттүк аскерлер Дамаскиге кайрадан көзөмөлүн орнотушту.

XS
SM
MD
LG