Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Түлеев үй камагына чыгарылган жок


Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган жок. Түлеевдин адвокаты буга байланыштуу Жогорку Сотко арызданганы жатат.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG