Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Траян Бэсескуну “арасат референдум” сактап калды


Румияны президенти Траян Бэсескуга ишеним көрсөтүп-көрсөтпөөө боюнча өткөн референдум “жараксыз” деп табылды. Себеби, Борбордук шайлоо бюросунун маалымдашынча, жекшемби күнкү добуш берүүгө, шайлоочулардын 45, 9 проценти катышкан. Алардын 80 процентке жакыны Бэсескуга ишенбесин билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын теңи катышканда гана референдум өттү деп эсептелет. Парламент 2007-жылы да Траян Бэсескуга импичмент жарыялап, бирок референдумда аны көпчүлүк эл колдоп, президент бойдон калган.

Бэсескуга импичмент жарыялоонун демилгечиси Румыния парламенти болду. Президенттин айрым бир кадамдарын Евробиримдик жана АКШ да демократиялык принциптерге сыйбайт деп сындаган.

Виктор Понта башындагы өкмөт Бэсескуну бийлик укугун натуура пайдаланууда, өкмөт ишине ашыкча кийлгишүүдө деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG