Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Хорогдо мыйзамсыз топтор куралын тапшырууда


Тажикстандын бийликтери Тоолуу Бадахшанда мыйзамсыз куралдуу топтор өкмөт менен жарашуунун алкагында каруу-жарагын тапшыра баштаганын билдирди. Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, дүйшөмбү күнү алтымыш курал тапшырылган. Куралын тапшыргандарга өкмөт өткөн аптадагы кагылышууга байланыштуу жоопко тартылбайт деп сөз берген.

Тоолу Бадахшан автоном облусунун коопсуздук кызматынын башчысы, генерал Абдулло Назаров 21-июлда өлтүрүлгөндөн кийин башталган атайын операция маалында 17 жоокер, 30 согушчан жана жыйырмадан көп карапайым адам өлгөнү маалымдалган. Өкмөт Назаровду өлтүргөнгө жооптуу төрт адамды өткөрүп берүүнү дале талап кылууда. Облус байтакты Хорог шаарында абал тынч экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG