Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Лондон-2012: кыргызстандык жел кайыкчы ийгилик жарата алган жок


Олимпиаданын расмий сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык жел кемечи Илья Игнатьев бүгүн өткөн 2 жарышта ийгилик жарата алган жок. Игнатьев 49 спортчу катышкан “лазер” классындагы жарыштарда марага эң акыркы болуп келди.

Лазер классындагы жарыштар 6-августка чейин созулат. Бул жарыштарга Илья Игнатьев катышып, өз күчүн сынай алат.

Игнатьев жайкы олимпиадага жел кайык спорту боюнча Кыргызстандын атынан алгачкы ирет катышып жаткан спортчу.

27-июлда башталган олимпиада оюндарында кыргызстандык үч спортчу мелдештерге катышты. 29-июлда оор атлетчи Бекзат Осмоналиев 56 килограммга чейинки категорияда эркектер арасындагы оор атлетика боюнча мелдештин даярдык учурундагы сыноодон өтө албай, мелдешке катыша алган жок.

Ал эми 30-июлда Руслан Исмаилов 10 метрге мылтык атуу боюнча мелдешке катышып, байгелүү орунга илинген жок.

Кыргызстан Лондонго 14 спортчусун аттандырган. Алар спорттун 10 түрү боюнча таймашууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG