Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Сириянын Британиядагы элчиси оппозицияга кошулуп кетти


Британиянын тышкы иштер министрлигинен кечээ кечинде кабарлашкандай, Лондондогу сириялык башкы дипломат президент Башар ал-Асаддын «зордукчул жана репрессиячыл» саясатына каршы нааразылыкка кошулду. Элчи Халид ал-Аюби британ бийликтерине мындан ары Асаддын режими үчүн иштегиси жок экенин айткан.

Аюби Сириянын дипломатиялык кызматына 2001-жылы келген, 2003-2008-жылдары өлкөнүн Грециядагы консулу болуп турду.

Азыр Асаддын режими үчүн катарынан качкан саясатчылардын көбөйгөнү чоң маселеге айланууда. Жумуриятта былтыр мартта башталган элдик толкундоолордон берки атышууларда активисттер 20 миңден ашуун адам өлгөнүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG