Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Pussy Riot тобунун мүчөлөрү сотто эч кандай кылмыш жасабаганын айтышты


Надежда Толоконникова (солдо) менен Мария Алехина "Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү Москвадагы сот учурунда, 30-июль, 2012
Надежда Толоконникова (солдо) менен Мария Алехина "Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү Москвадагы сот учурунда, 30-июль, 2012
Кечээ Москвада айтылуу Pussy Riot панк тобунун жалаң аялдардан турган үч мүчөсүнүн соту башталды. Анда алар эч кайсыл мыйзамды бузушпаганын айтышты. Эгерде сот аларды Христос куткаруучунун чиркөөсүндө ибадатты бузганга аракет кылган ээнбаштык үчүн күнөөлүү деп тапса, алар жети жылга чейин түрмөгө отургузулушат.

Бул панк-рок музыкалык тобунун ырчы кыздары чиркөөгө кирип, президент Владимир Путиндин бийлигине каршы ырдашкан жана муну “панк ибадаты” деп аташкан. Соттолуп жаткандар өздөрүнүн аракети “этикалык катачылык” гана болгонун моюнга алышты, бирок муну менен алар динге эмес, саясатка гана каршы экендиктерин көрсөтүшкөнүн билдиришти. Сот бүгүн да улантылат.

XS
SM
MD
LG