Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Тез-Төр көлүнөн ташыган суунун көлөмү азайууда


Аламүдүн районундагы Адыгене капчыгайында жайгашкан Тез-Төр көлүнөн ташыган суунун көлөмү азайып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын соңку билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, бүгүн саат тогуз жарым-ондор чамасында көл суусунун ташышынан улам аймактагы Ала-Арча дарыясынын агымы секундуна 15-20 кубдан 30-35 кубга чейин көбөйгөн. Азыр көлдөн ташыган суунун көлөмү азайганынан улам дарыянын деңгээли түшүп, коркунуч да азайганы кабарланууда. Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов суу турак-үйлөрдү каптабаганын “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG