Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:39

Жалал-Абадда оор кылмыштар ачылды


Облустук ички иштер башкармасынын кызматкерлери 26-28-июль күндөрү жүргүзүлгөн “Арсенал” аттуу операция учурунда мурда катталган 23 кылмыштын бетин ачышты. Алардын арасында адам өлтүрүү, денеге атайылап оор жаракат келтирүү, мал уурулук, автоунааларды ээлеп алуу, курал-жаракты же жардыргыч заттарды уурдоо окуялары болгон. Андан сырткары издөөдө жүргөн 11 кылмышкер менен дайыны белгисиз болуп келген 5 адам кармалып, Сузак районунун Дөмөр кыштагынын 47 жаштагы тургуну снайпер үлгүсүндөгү мылтыкты өткөрүп берген. Бул тууралуу 31-июлда башкармалыктан маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. (YA)
XS
SM
MD
LG