Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Байтик айылында Ала-Арча дарыясы нугунан ашкан жок


Тез-Төр көлүнүн суусу куюлган Ала-Арча дарыясынын Байтик айылындагы бөлүгүндө суу нугунан ашкан жок. “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Жолдошбаевдин билдиришинче, азыр дарыядан ылай суу агып жатат. Эвакуация жүргүзүлөрүн уккан жергиликтүү тургундары суунун жээгине топтолуп турушат. Айрымдары Байтиктеги көрүстөн жайгашкан дөңсөө жерге машиналары менен чыгып алышкан.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат ондор чамасындагы Адыгене капчыгайындагы Тез-Төр көлү ташыганы тууралуу кабар түшкөндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча суусун бойлой жайгашкан айылдарга эвакуация тууралуу эскертүү берген. Мындан тышкары Чоң-Арык айылынын жашоочулары менен Ала-Арча капчыгайында эс алып жүргөндөр коопсуз жайга жеткирилген. Министрлик дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун, суунун көлөмү азайып калганын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG