Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

15 жашар литвалык кыз - Олимпиада чемпиону


15 жашар литвалык кыз Рута Мейлютите 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча Олимпиада оюндарында алтын медаль утту. 28-июлда 16 жашар кытайлык кыз Е Шивен 400 метрге сүзүүдө биринчи келип, дүйнөлүк рекорд койгон эле. Е Шивенди ийгилиги кызытма колдонгон дегене шектенүүнү жаратып, текшерүү спортсмен кыз эч кандай допинг колдонбогонун аныктады.

Украиналык Яна Шемякина шпага менен сайышууда германиялык атаандашын жеңип, алтын медаль жеңди. Орусиялык дзюдочу Мансур Исаев 73 килограмм салмактагы балбандар арасында Олимпия чемпиону болду. Натыйжада, Орусия уткан медалдардын саны боюнча жетинчи орунга чыкты. Сегизинчи орунда эки алтын медаль уткан Казакстан турат.

Жалпы медалдардын саны боюнча Кытай жана АКШ биринчи орунда, бирок Кытайда тогуз алтын, АКШда беш алтын медалы бар, үчүнчү орунда үч алтын медалдуу Франция баратат.

XS
SM
MD
LG