Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Хорогдун кылмыш топтору 200дөн көп каруу тапшырды


Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, тоолуу бадахшандык мыйзамсыз куралдуу топтор - өз ара элдешүү шартына жараша - 200дөн ашык курал-жарак тапшырды. Өткөн аптада автоном аймактын байтакты Хорогдо болгон салгылашта 70 чакты адам окко учкан соң өкмөт курал-жарагын ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген согушчандарга мунапыс сунуш кылган. Бийликтин генерал А. Назаровду өлтүрүүгө тиешеси бар төрт адамды өткөрүп берүү талабын согушчандар аткара элек.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы Хорогдогу аскерий операция кезде партиянын бир мүчөсү кандай жагдайда өлгөнүн ачыктап берүүнү өкмөттөн талап кылды.

XS
SM
MD
LG