АКШ президенти Барак Обама жана Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган кечээ телефондон сүйлөшүп, “Сириядагы саясий өзгөрүүлөрдү тездетүү боюнча аракеттерди координациялоо” боюнча пикир алмашты. Ак үйдүн кабарлашынча, өзгөрүүгө ылайык, “Сирия элинин мыйзамдуу талабына жараша президент Башар Асад бийликтен кетүүгө тийиш”.
БУУнун билдиришинче, 30-июлда Сириянын эң чоң шаары Алепподогу уруштан улам он миңдеген адамдар калааны калтырып кетүүдө. Бириккен улуттар уюмунун Сириядагы байкоочулар миссиясынын башчысы Бабакар Гаени тарткан машинеге 29-июлда Сирия армиясынын танкы чабуул койгонун баш катчы Пан Ги Мун маалымдады. Асаддын режими элге көрсөтүп жаткан зулумдукка каршылык ирети Сириянын Лондондогу дипломаттык миссиясынын башчысы Халед ал-Аюби кызматынан кеткенин маалымдады.