Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Зыяратчыларды ташуучу авиа компания аныкталды


Быйыл кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Арабиясына “Кыргыз Транс Авиа” компаниясы ташый турган болду. Муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай чечимди муфтият, Транспорт жана байланыш министрлиги, УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнөн турган комиссия бүгүн кабыл алды. Зыяратчыларды ташуучу компанияны тандоодо жол киренин өлчөмү жана көрсөтүлүүчү кызматтар эске алынды. “Кыргыз Транс Авиа” зыяратчыларды 1450 долларга алып барып келүүгө жана сынакка катышкан экинчи компания - “Эйр Манаска” караганда акысыз жүк ташууга макул болду.

Быйыл ажылык сапар октябрь айында башталат. Сауд Арабиясы кыргызстандык зыяратчылар үчүн 4500 орун бөлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG