Индиянын 1, 2 миллиард элинин теңи электр кубаты жок отурат. Бүгүн да Индиянын түндүк жана чыгыш бөлүгүндөгү 12 штатта, анын ичинде өлкө байтакты Жаңы Дели менен үчүнчү чоң шаар Калкутада электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурады. Өндүрүштүк кырсык Жаңы Дели метросун тополоңго салды. 300дөй поезд каттамы жүрбөй, миңдеген адамдар жолдо калды. Кечээ да Индиянын түндүгүндөгү сегиз шатта авария болуп, 300 миллиондон көп калк чыраксыз калган. Өкмөттүк электрокомпаниялар күтүүсүз кырсыкты элдин жайкы ысыкта электрди ашыкча көп колдонгону менен түшүндүргөн.
Бул Индиядагы акыркы он жылдагы эң чоң авария.
Бул Индиядагы акыркы он жылдагы эң чоң авария.