Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Евромейкиндикте жумушсуздук рекорддук деңгээлге чыкты


Еврону пайдаланган 17 өлкөдө июнь айында жумушсуздук 11, 2 процентке жетип, 17 миллиондон ашык адам жумушсуз калган. Евробиримдиктин статистикалык кеңсеси билдиришинче, бул май айына салыштырганда жумушун жоготкон адамдар 123 миңге көбөйгөнүн күбөлөйт. Евро акча 1999-жылы пайдаланууга киргизилгенден бери евромейкиндикте жумушсуздук азыркыдай бийик болгон эмес. Испаниядагы насыя кризисинен улам жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу адамдын 25 процентине чыгып кеткен. Ушундай эле себептен улам Грекия, Португалия жана Ирландияда дагы жумушсуздук көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG